При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: 80 жаштагы В.Золотухин байбичесинен калган айгүл гүлүн соолутпай өстүрүп жатат (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын 80 жашта тургуну Владимир Золотухин байбичесинен калган айгүл гүлүн 4 жылдан бери соолутпай өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Анын айтымында, айгүл ага жубайынан калган чоң белек. Айгүлдү соолутуп алуудан абдан коркот. Ошондуктан күндө бир аздан сугарып, жер азыгын салып, түбүн жумшартып турат.

«Колуктум Нина Власинко эң назик, тыкан айым эле. Ал орус тили адабияты сабагынан педагогикалык колледжде сабак берчү. Студенттери берген белектерди алчу эмес экен. Ошондо студенттери сүйлөшүп ушул айгүл гүлүн белек кылышыптыр. Аны үйгө алып келип олтургузган. Ал киши 3 жыл мурда каза болду. Аялыман үйдө да көп гүлдөр калды. Барын багып келем. Алардын ичинен мага ушул айгүл эң жакын сезилет. Аны сугарып карап, аялымды көргөндөй болом», - деди аксакал.

Аксакал 1937-жылы Каракол шаарында туулган. Кийин Бишкек, Алмата шаарларында инженер, механик болуп билим алып келген. Заводдордо иштеп, катардагы инжинерден, бөлүм башчысы, башкы инжинерге чейин кызмат кылган. Учурда ардактуу эс алууда. Жубайы Нина Власинко экөө 1964-жылы китепканадан таанышып, бири-бирин жактырып, баш кошушкан. 3 уулду болушкан. Учурда балдарынын уулусу каза болуп, 2 уулу, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1257
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×