Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Балыкчыдагы ооруканада иштеген бир тууган дарыгерлер Азис менен Максат кичинекей кездериндеги кыялдарын орундатышты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген бир туугандар Азис менен Максат кичинекей кездериндеги кыялдарын орундатышты.

28 жаштагы Азиз борбордо хирурург-уролог болуп иштесе, анын 24 жаштагы иниси Азиз эпидемиолог болуп эмгектенет.

«Биз 5 жашыбызда эле дарыгер болобуз деп айтчубуз. Дарыгер болуу биздин кыялыбыз эле. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алдык. Андан соң өз каалообуз менен Балыкчыдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна келип, эмгек жолубузду ушул жерден баштадык», - дешти жаш дарыгерлер.

Азис акыркы 2 жылдан бери клиниканын жетекчиси болсо, эпидемиолог Максат 1 жылдан бери жугуштуу ооруларды көөзөмөлдөө боюнча адис болуп иштейт.

«Бишкек шаарында төрөлүп, чоңойсок дагы алгачкы эмгек жолубузду Балыкчы шаарынан баштадык. Алгач келгенде көнө албайбыз деп ойлогонбуз. Бирок, азыр бул жерде калууну пландап жатабыз. Буйруса үйлөнсөк, ата-энебизди Балыкчы шаарына көчүрүп келип, ушул жакта калалы деген оюбуз бар. Анткени, бул жактын аба ырайы, эс алууга ыңгайлуулугу бизге абдан жагат», - деди бир туугандар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1284
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×