Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ак-Суунун Боз-Булуң айылында майып балдарды бала бакчага кабыл алуу аракети көрүлүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын Боз-Булуң айылындагы бала бакчага эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алуу аракети көрүлүүдө.

Бала бакчанын башчысы Венера Жумабаеванын айтуусунда, учурда бала бакчада 40 бала тарбияланат. Эми дагы бир тайпа ачыса, айылдагы балдардын баары бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«Мерсико» долбоору аркылуу эки тайпага жетиштүү эмерек жабдууларды, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан балдардын кийимин койгон шкафтарды алганбыз. Азыр бизге кошумча имарат гана керек. Биз эл аралык уюмдарга долбоор жазып жатабыз. Анын максаты - айыл аймактагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүү. Чындыгында мындай балдарды тарбиялоо менен энелер үйдө олтуруп калышат. Балдарын кадимки балдар бакчаларына бере алышпайт. Андыктан биз айылыбыздагы 10 баланы тарбиялоо ишин мойнубузга алалы деп жатабыз»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу