Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.61    80.6    1.2    KZT 0.21
Ысык-Көл

Кара-Талаанын жаштары «Биримдик» футбол мелдешин өткөрүштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Талаа айылында айылынын жаштары «Биримдик» футбол мелдешин өткөрүштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айыл активистти Бекмырза Желдекеевдин айтымында, айылда жалпы эл тарабынан спирт ичимдигин сатууга жана аны коомдук жайларда ичип жүрүүгө тьюу салынган. Бул жөрөлгөнү колдогон айыл жаштары эми спорттук иш-чараларды өткөрүүнү колго алышты.

«Аталган иш-чаранын алкагында өткөрүлгөн футбол мелдешинде улуу муундагылар жана жаштар болуп оюн өткөрүлдү. Улуу муундан куралган 4 тайпа чыкса, жаштардан 10 тайпа чыкты. Эмки айдагы өткөрүлчү иш-чараны 1995-жылы төрөлгөн айыл жаштары өткөрүшөт. Ошентип айыл жаштары жылына карата кезек-кезек менен бул иш-чараны улантып кетмекчибиз. Айыл эли «Биримдик» аталыштагы мындай иш-чараны жылуу кабыл алып, жакшы колдоп беришти», - деди ал.

Жыйынтыгында баш байгени 1991-жылы төрөлгөн айыл жаштары, 2-орунду 1998-жылы төрөлгөндөр 3-орунду 2000-жылы төрөлгөндөр ээлешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 672
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×