При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Жети-Өгүздүн сырт өрөөнүндө суу алып кеткен жолдор калыбына келтирилүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы сырт өрөөнүндө суу алып кеткен жолдор калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу №3 Жол тейлөө бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Мухамедкалый уулу билдирди.

Анын айтымында, аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшүнө байланыштуу суунун нугу көтөрүлүп, тосмону жууп кеткен.

«Учурда №3 жол тейлөө мекемеси тарабынан тийиштүү техникалар тартылып, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жол тейлөө мекемеси тарабынан бир жүктөгүч жана бульдозер техникалары менен катар 6 жумушчу тартылган. Учурда иш жүргүзүлүп, убактылуу жабылган жол каттамын ачуу аракети көрүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 273
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×