При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Жети-Өгүздө суунун нугу көтөрүлгөн канал оңдолду (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл аймагына караштуу Чырак айылына баруучу суу каналын ондоп- түзөө иштери жүргүзүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Оңдоо иштерине район акими баштаган мекеме-ишканалардын жана Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Чырак айылынын жаштары болуп жалпысынан 160 адам катышты. Аны менен катар атайын техникалар тартылып, ӨКМ тарабынан күйүүчү май жана каналдын жээктерин суу жеп кетпеш үчүн 200 даана габион бөлүнгөн.

Эске салсак, бул каналга 28,30 куб метр суу батат. Бирок, өткөн жылы суунун нугу 38, 40 куб метрге жетип, турак үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 242
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×