При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 27-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Айыл турмушу: Клара Цеткин менен иштешкен түптүк Б.Бекташованын окуялары Т.Сыдыкбековдун чыгармаларында жазылган (фото)

Turmush -  КРнын биринчи эл баатыры, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун адегенде «Батыйна» кийинки «Зайыптар» деген томдук китептеринин башкы каарманы Батыйнанын башынан өткөн окуялар Батма Бекташова жөнүндө жазылган.

Батма Бекташова Кыргызстанда эң алгачкы аялдар комитетин жетектеп, Түп районунун Токтоян айылында жашаган.

65 жаштагы Саламат Бекташовдун айтымында, анын энеси Б.Бекташова алгачкылардан болуп, партиялык мектепти аяктап, Кыргызстанда эң алгачкы аялдар комитетин жетектеп турганда Клара Цеткин, Роза Льюксембургдар менен кат алышып, РСФСР (БК)нын 1930-жылдардагы сьездине катышып, Сталиндин жеке өзүнүн ишениме ээ болгон.

«Коллективдештирүүдө большевиктер жиберген 25 миңинчилердин катарында болуп, коомдо аялдардын активдүүлүгүн көтөрүүдө зор роль ойногон. Атабыз Барыктабасты Улуу Ата Мекендик согуш башталганда НКВДнын кишилери жалган жалаа менен Сибирге айдатып жибергенде, Сталинге ал берген ишеним каттын негизинде түздөн түз кайрылып, 8 ай дегенде Владивосток шаарынан кайра кайырып алганга жетишкен. Персоналдык пенсияга чыкканда Батма энеме түбөлүк калтырууга аты жазылган табелдик курал жана ары-бери жүргөнгө унаа катары ат жана ат баккычын тоюту менен бекитип берип, өлөр өлгөнчө аларды пайдаланып келди.

Жазуучу Т.Сыдыкбековду чакыртып, китебининдеги кээ бир окуялар ойдон чыгарылганына таарынып, оңдотуп кайра чыгарганга жетишкен. Менин айтайын дегеним энем Батманын Т.Сыдыкбеков жазган мезгилинен кийинки тарыхый басып өткөн жолу унутта калбаса экен деген ой, себеби энемдин Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүшүндө өз орду бар адам деп айта аламын», - деди Саламат Бекташов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×