При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Түптүн Кең-Суу айылында залкар жазуучу Т.Сыдыкбековдун 105 жылдыгы белгиленди (фото)

Turmush -  Түп районунун Кең-Суу айылында КРнын туңгуч эл баатыры, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдыгы жазуучунун атын алып жүргөн мектепте өткөрүлдү. Юул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Иш-чараны Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбек Джапаров ачып, күн тартиби менен тааныштырды. Т.Сыдыкбековдун арбагына арнап куран окулгандан кийин төкмө акын Элмирбек Иманалиев Түгөлбай атанын басып өткөн жолун төгүп берди.

Түп районунун акими С.Исмаилов, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Моңолдоров Т.Сыдыкбековдун жердештерин жазуучунун 105 жылдыгы менен куттукташып, ушул иш-чараны уюштурууга түздөн түз катышкан Т.Сыдыкбековдун бир тууганы Түмөнбайдын небереси Акылбек Сыдыкбековго ыраазычылык билдиришти.

Бир кезде Түгөлбай менен иштешкен, окуп үйрөнүшкөн калемдештери КР Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов баш болгон жазуучулардын тобу Түгөлбай атанын жазыла элек окуяларын айтып беришти.

Х.Карасаев атындагы райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чаранын аягында мектептин «Келечек» өзүн-өзү башкаруу уюмуна сентябрь айында 1-класска окуй турган окуучуларды салтанаттуу кабыл алуу болгон.

Келген коноктор мектептеги Т.Сыдыкбековдун музей көргөзмөсү менен таанышып, жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы чагылдырылган слайд көрсөтүлдү. 105 жылдыкка арналган иш- чарага жазуучунун баласы Сабырбек Сыдыкбеков катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×