Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Суунун Кара-Жал айыл аймагында көл жээк тазаланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагында 200дөн ашык адам көл жээгин тазалады, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тазалоо иштерине райондун акими Улан Дөкөнбаев баш болгон райондук администрациянын өкүлдөрү, райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мектеп мугалимдери болуп бардыгы 200дөн ашык адам катышты.

Айыл аймактын башчысы Сагындык Баракановдун билдирүүсүндө, бул иш-чара Ысык-Көлдү жашылдандырып, көрктөндүрүүнүн 3 айлыгынын алкагында жүргүзүлдү.

«Бул жер 3-4 жылдан бери тазаланган эмес. Мында 1000ге чукул түтүн жашайт, 32 коом бар. Аймак бизге караганы менен көбүнчө Каракол шаарынын тургундары жашайт. Көлдүн бул бөлүгү Жыргалаң дарыясына куйган жер болгондуктан, кир болуп турат. Андыктан, башка жерлерге караганда мында эс алуучулар аз келет. Ошентсе дагы, көл жээги эс алуучу сезонго даяр болушу керек. Аны иштетүүнү каалагандар болсо, ижарага берет элек», - дейт ал.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 648
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×