При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Ысык-Көлдөгү эл аралык марафондо 23 жаштагы спортчу Илья Тяпкин мыкты жыйынтык көрсөттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Run the silk road» аттуу VI эл аралык марафонунда 23 жаштагы Илья Тяпкин 2,5 саатта 42 чакырым чуркап, жакшы жыйынтык көрсөттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Илья Тяпкин марафонго катышуу үчүн Кара-Балта шаарынан келген.

«Бул марафонго даярданган деле эмесмин. Марафонго катышуу үчүн жубайым экөөбүз кечээ кечинде келдик. Буга чейин бир жума мурун Чехиядагы марафонго катышып келгем. Албетте, биздин марафон өз өлкөбүздө өтүп жаткандыгы менен айырмаланат жана өз жерибизде өзүбүздү ишеничтүү сезебиз. Жубайым дагы бул марафонго катышты. Кийинки жылы дагы катышууну жатабыз», -деди ал.

Илья жеңил атлетика менен 5 жылдан бери машыгат. Бул убакыттын ичинде бир нече өлкөлөрдө болуп, көптөгөн марафондордун катышуучусу болгон.

Анын айтымында, марафон өткөрүү менен Кыргызстанга туристтерди тартууга болот.

«Бүгүн марафонго катышуу үчүн башка өлкөлөрдөн көптөгөн катышуучулар келишти. Убакыттын өтүшү менен жакынкы өлкөлөр арасында мыкты болобуз деген тилегим бар», - деди ал.

Илья Тяпкин спорт менен 18 жашынан бери, ал эми жеңил атлетика боюнча акркы 5 жылдан бери машыгат.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 363
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×