При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Ак-Суунун Теплоключенка айылындагы 38 үйдү суу картоо коркунучу жаралды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы 38 үйдү суу каптоо коркунучу жаралды. Бул тууралуу Теплоключенка айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Кодонбаев билдирди.

Анын айтымында, 38 үй Ак-Суу суусунун боюнда жайгашкан. Учурда суунун жээктерин бүтөп, дамба куруу иштерине аталган айыл өкмөттүн тургундары жана райондук жарандык коргоо кызматынын өкүлдөрү тартылды.

«Жаз мезгилинде суунун деңгээли көтөрүлөт. Былтыр дал ушул жерде суу көтөрүлүп, 4 үйдү каптаганда, түнү менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, башка турак үйлөр сакталып калган», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу