Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдөгү шахтада тирүү табылган эки шахтерго санаторийге жолдомо, куткаруучуларга грамота берилет

Turmush -  Кыргызстандын Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитети «Жыргалаң-Доргокөмүр» ЖЧКнын шахтерлорун куткаруу операциясына катышкандарды Ардак грамоталар менен сыйлоо чечимин кабыл алды.

Профсоюздун төрагасы Эльдар Таджибаев билдиргендей, шахтанын ичинде калган эки шахтер — Кайрат Доргоев менен Азамат Тойматовго ден соолугун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстандын мыкты санаторийлеринин бирине жолдомолор берилди.

Кыргызстандын Тоо-металлургиялык профсоюзунун борбордук комитети куткаруу-издөө иштерине катышкан ЖЧКнын кызматкерлерине, эки жеке компаниянын өкүлдөрүнө, жергиликтүү бийликке, тургундарга ыраазычылык билдирет.

Ардак грамоталар шахтанын администрациясынын кызматкери А.Мамыркановго, инженер М.Шабиевге, электр-мастер Н.Исмановго жана башкаларга берилет.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 22-апрелинде саат 17:35 тер чамасында «Жыргалаң - Дөргөкөмүр» ЖЧК иштеткен көмүр шахтада уроо болгон. Кырсык болжол менен техникалык коопсуздукту сактабагандан улам келип чыккан. Уранды алдында эки шахтер калып, аларды куткаруу иштери жүргүзүлүп, 24-апрелде көмүр шахтадан эки шахтер тирүү табылган.

Тема боюнча:

23.04.2017Ак-Суудагы Дөргө шахтасында кечээтен бери 2 адам изделип жатат (фото)
24.04.2017Ысык-Көлдөгү Жыргалаң көмүр шахтасында калган эки шахтерду издөө иштери уланууда (фото)
24.04.2017Ысык-Көлдө Жыргалаң көмүр шахтасында изделип жаткан эки шахтер тирүү табылды (фото, толукталды)
24.04.2017Ысык-Көлдөгү шахтада тирүү табылган эки шахтерду куткаруу иштеринен фоторепортаж
24.04.2017Ысык-Көлдөгү шахтадан тирүү табылган К.Доргоев «Азия MIX» командасындагы Кененсаровдордун тууганы болот (фото)
24.04.2017Видео - Ысык-Көлдөгү шахтадан тирүү куткарылган 2 шахтер ооруканада дарыланууда
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×