При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Ысык-Көлдө «Жылдын мыкты айылдык мектеби 2017» наамын Сагынтай мектеби жеӊди

Turmush -  Тоӊ районунун Туура-Суу айылындагы Сагынтай атындагы орто мектеби «Жылдын мыкты айылдык мектеби 2017» наамын жеӊип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Динара Тыналиева билдирди.

Анын айтымында, аталган мектеп буга чейин 2013-жылы да «Жылдын мыкты мектеби» наамына татыган. Быйыл өткөн сынакта «Жылдын мыкты инновациялык мектеби», «Жылдын мыкты айылдык мектеби», «Жылдын мыкты шаардык мектеби» номинациялары менен мектептер тандалып алынды.

«Биздин мектеп облустук сынакка катышып, «Жылдын мыкты айылдык мектеби 2017» наамын жеӊип алдык. Сынакка ар бир райондон бирден мектеп катышты. Ага улай Каракол, Балыкчы шаарларынан да мектеп мугалимдери келишти. Сынакта мектептин иш кагазынан баштап, бардык иш-аракеттерине чейин каралып, калысттар тобунун сынына коюулду. Эми республикалык сынакка жолдомо алдык. Биздин мектептин өзгөчөлүгү мугалимдердин формасы жана документтерибиздин жасалгасында болду окшойт», - деди ал.

Мектепте жалпы 26 мугалим эмгектенип, 136 окуучу окуйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 791
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×