Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө «Run the silk road» аттуу VI эл аралык марафон башталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда «Run the silk road» аттуу VI эл аралык марафон башталды.

Марафон КР Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Э.Сариеванын, Япониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчисинин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, өкмөттүн облустагы өкүлүнүн, марафондун директорунун катышуусунда башталды.

Марафондун ачылышында Э.Сариева иш-чара XX кылымдын белгилүү жеңил атлетчиси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналгандыгын белгиелди.

«Катышуучулардын жыл сайын көбөйүп жаткандыгы кубандырат. Биздин өлкөгө көп иштерди жасаган белгилүү жеңил атлетчинин эмгектерин белгилегим келет. Бул салт жыл сайын улана берсин жана эң күчтүүсү жеңүүчү болсун», - деди ал.

Маранфонго 2 миңден ашык адам катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1229
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 4 адам окуп жатат)
×