Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Мекендештер»: 20 жаштагы Ы.Акылбеков Кореяда журналист болуп иштеп, 2,5 миң доллар айлык алат (фото)

Turmush -  Түштүк Кореяда окуп, журналист болуп иштеген 20 жаштагы Ынтымак Акылбеков 1 миң доллар стипендия алып, жумушунан 2,5 миң доллар табат. Аймактык кабарчы «Мекендештер» долбоорунун кезектеги каарманы менен таанышты.

Анын айтымында, Түп районундагы Тогуз-Булак айылында чоңойгон. Учурда Кореядагы Инчхон шаарында журналист болуп эмгектенүүдө.

«Мен Те Хакиё университетине Кыргызстандагы мектепти аяктаган соң тапшыргам. Азыр 3-курста журналистика факультетинде окуп жатам. Корей тилин 99% өздөштүрүп калдым. Жакшы окугандыгым үчүн 1 миң доллар стипендия алам. Окуудан сырткары журналист болуп эмгектенем. Ал жактан алган айлык маянам 2,5 миң долларды түзөт. Окуудан сырткары футбол менен машыгам», - деди мекендешибиз.

Мекендешибиз буга катар эле келечектеги пландары менен бөлүштү.

«Кореянын эли сылык мамиле кылат жана өздөрүнүн ишин так аткарышат. Бул жактагы эң эски унаалар бизде жаңы деп эсептелет. Айланасы өтө таза. Түштүк Кореянын калкы 56 миллион кишиден турат. Бирок, өлкө Кыргызстандан кичине. Кыргызстандыктар бул жакта аз, болжол менен 2,5 миң киши. Келечекте Кыргызстанга турфирма ачсам деген ойлорум бар», - деди ал.

Ынтымак үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1737
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×