При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Түптүк токойчулар 21 гектарга «70» деген жазуу менен карагайлардын көчөттөрүн отургузушту (фото)

Turmush -  Түп токой чарбасы Кыргыз токойчулугунун 70 жылдыгына карата 21 гектар 38 сотых жерге «70» деген жазуу менен карагайлардын көчөттөрүн отургузушту.

Башкы токойчу Эсен Осмонакуновдун айтымында, «70» деген жазуу алыстан эле көрүнүп, жаратылышка өзгөчө көрк берип турат.

«Түп токой чарбасынын Каркыра токойчулугунун токой башчысы Наргиз Мусаев жетектеген Кичи-Сары кыр участкасына 21 гектар 38 сотых жерге жыл башында белгилегендей 27 миңден ашык жөнөкөй кызыл карагай, «70» деген жазууга бийиктиги бир метр болгон 450 даана тянь-шань карагай көчөттөрүн тиктик. 3 күн бою 70 жылдыктын урматына көчөттөрдү тигүүгө жалаң Түп токой чарбасынын директору, токойчулары баш болгон токой кызматчылары, жумушчуларынан 36 адам катышты. Тигилген карагайлар өсүп чыкса Түп-Кеген жолунан казактарга же алардан келе жатканда Кыргыз токойчулугуна арналып тигилген «70» деген жазуу алыстан эле көрүнүп, өзгөчө көрк берип турат», - дейт Э.Осмонакунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 420
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×