При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Улуу Жеңишке 72 жыл: Түптүк жоокер Ж.Чериковдун согушта жазган акыркы каты азыр да сакталуу (фото)

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынан согушка кеткен жоокер Жамансарт Чериковдун жазган каты Кыргызстанга согуш аяктагандан кийин гана келген. Аймактык кабарчы жоокердин катынын чоо-жайын тактады.

Катты сактап жүргөн Калыс Арбаевдин айтымында, саргарып, үлбүрөгөн кагазга кызыл сыяда латын тамгалары менен кооздолуп жазылган катты согуш жылдары Белоруссиядагы пионерлер окко учкан жоокердин гимнастеркасынын чөнтөгүнөн таап алышкан. Кат ошол жактагы музейде сакталып, кийин гана өз мекенине жеткен. Каттын ээси — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну Жамансарт Чериков болгон.

«Алыскы Кыргыз ССРинин бир бурчу болгон Түп районунда туруучу акем Карасартка. Мен алыскы Фастон шаарында аскердик милдетимди аткарып туруучу иниң Жамансарттан», - деп башталат кат.

«Ушундай кырдаалды ким ойлоптур... Биз — советтик жаштар, ата-эне, ага-тууган, жеңе-карындаш, силер үчүн, элдин эрки үчүн төрөлгөнбүз! Биз баарыбыз бирге дүйнөнү курабыз, бизден күмөн санабагыла», - дейт кат ээси.

Жамансарт Чериковдун каты менен бирге 1938-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайында орус тили мугалимине даярдаган 8 айлык курсту жакшы баалар менен бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү сакталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 363
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×