Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Спирт ичимдиги сатылбай калган Кара-Талаа айылынын жаштары спорт тармагын жандантышат

Turmush -  Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында жалпы эл тарабынан спирт ичимдигин сатууга жана аны коомдук жайларда ээн-эркин ичүүгө тыюу салынган. Бул жөрөлгөнү колдогон айыл жаштары эми спорттук иш-чараларды өткөрүүнү көздөп жатат, деп билдирди айылдын 23 жаштагы тургуну Бекмырза Желдекеев.

«Бул демилгени айылдын 1994-жылы төрөлгөн жаштары көтөрүп чыктык. Бизди агаларыбыз жана инилерибиз колдоп жатышат. Алгачкы спорттук иш-чара 13-майда өтөт. Ушул жөрөлгөнү ар бир эки ай сайын кезек менен уюштуруп турабыз», - деди ал.

Бул айылдагы мектептин окуучулары, жаштар буга чейин спорттук мелдештерде ийгиликтерди жаратып келишкен.

Учурда өлкөнүн аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу демилгеси колдоо таап жатат. Айрым айылдардын жашоочулары өздөрү каражат чогултуп, дүкөндөрдөгү арактарды сатып алып жок кылууда.

Өрнөк айылында эми спирт ичимдиктери сатылбайт (фото)

Кочкордогу 5-айылда спирт ичимдиги сатылбай калды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 725
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу