При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Жаш талант: Таэквондо боюнча кара курдун ээси болгон Касиет бий ансамблинде да бийлейт (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы мектептин 11-класстагы окуучусу Касиет Жыргалбекова окуудан тышкары 7 жылдан бери таэквондо менен машыгат.

Ал таэквондо ITF боюнча Кыргызстанда өткөн мелдештерде 7 жолу алтын медаль, Россияда өткөн турнирлерден 2 жолку алтын медаль алып, Казакстан жана Өзбекстандагы мелдештерде биринчиликтерди ээлеген. Жалпысынан 19 алтын, 14 күмүш жана 6 коло медалдардын ээси. Ошондой эле, 3-даражадагы кара кур тагынган. Акыркы 1 жылдан бери 40 баланы машыктырып, 3 окуучусу республикалык мелдештерде алтын медаль алууга жетишти.

Касиет Жыргалбекова таэквондо менен машыккандан тышкары 6 жылдан бери «Дея» бийчилер ансамблинде бийлеп, Түркия, Башкортостан, Казакстан мамлекеттеринде өткөрүлгөн фестивалдарга катышкан.

«Окуу менен биргеликте 7 жылдан бери таэквондону жана бийди да таштабай, бирге алып келе жатам. Окуучуларымды Азия, андан кийин дүйнөлүк чемпионатка чыгарсам деген тилегим бар», - деген Касиет мектепти аяктагандан кийин жогорку билимге ээ болууну көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 434
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×