При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Фото - Ысык-Көлдө жактырган кызын бычактап өлтүргөн 25 жаштагы жигит кандай жаза алды?

Turmush -  Ысык-Көлдө жактырган кызын башына таш менен чаап, андан соң бычактап өлтүргөн 25 жаштагы жигит өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Айыпталуучу

задержанный по подозрению

Билдирүүдө айтылгандай, Ысык-Көл районундагы айылдардын биринде 2016-жылдын 27-октябрында саат 15:00 чамасында 1992-жылы туулган соттолуучу Э.К. жабырлануучу А.А.ны жолдон тосуп алып, аны жактырарын айткан. Ал эми, жабырлануучу ага «сен мага жакпайсың» деген жооп кайтарган. Мындай жооп уккан Э.К. кызга күч колдонуп, таш менен башына эки-үч ирет чапкан. Анын кесепетинен А.А. эс-учун жоготуп жерге жыгылганда, айыпталуучу жанындагы бычак менен кыздын денесине бир нече жолу сайгылаган. Ал окуя болгон жерден изин жашырып, качып кеткен. Жабырлануучу кыз алган жаракаттан улам ошол жерде каза болгон.

2016-жылы 8-ноябрда чыккан соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусунда Э.К. өзүнүн кыймыл-аракеттерине жооп берген абалда болгону көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылы 13-январдагы өкүмү менен Э.К. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген.

Айкерим

Бул чечимге макул болболгон соттолуучу Э.К. кассациялык даттануу менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылган. Облус сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын ушул жылдын 26-апрелиндеги чечими менен Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылды.

19 жашында каза болгон кыздын туугандарынын айтымында, ал Караколдогу педагогикалык колледжди кызыл диплом менен аяктап, мектепте мугалим болуп эмгектенип баштаган. Аны бычактап өлтүрүүгө шектүү жигиттин карындашы анын классында билим алып жаткан. Алгач Айгеримди шектүүнүн апасы көрүп, уулуна таанышууну сунуштаган.

Шектүү Айгеримге жолугуп, кыз-жигит катары сүйлөшүүнү сунуштап, бирок кыз ага каршы болуп келген.

Жабырлануучу кыздын ата-энеси:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3264
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×