При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Жети-Өгүздө «Мак-2017» операциясы башталды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда «Мак-2017» операциясы башталды. Бул тууралуу райадминистрация маалымдады.

Маалыматка караганда, Жети-Өгүз райадминистрациясынын 2017-жылдын 11-апрелиндеги №114 тескемесине ылайык, райондо 1-ноябрга чейин баңгизат даярдоого колдонулуучу жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу боюнча «Мак-2017» операциясы жарыяланган. Аны уюштуруу боюнча иш-чаралар башталды.

Операцияны өткөрүү үчүн курамы 21 кишиден турган райондук штаб түзүлдү. Райондук тиешелүү түзүмдөргө, айыл өкмөттөргө, ички иштер бөлүмүнө «Мак-2017» операциясын өткөрүү боюнча бардык иш-чараларды өз убагында аткаруу милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 238
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×