При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: Балыкчылык дарыгер Ж.Билалиевдин жубайы жана кызы дагы ооруканада эмгектенет (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарынын 65 жаштагы тургуну Жумабек Билалиев саламаттыкты сактоо тармагында 41 жылдан бери эмгектенип келет. Turmush басылмасынын кабарчысы дарыгердин эмгек жолу менен таанышты.

Жумабек Билалиев 1952-жылдын 25-октябрында төрөлгөн. 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо бөлүмүн бүтүргөн. Алгач эмгек жолун 1976-жылы Рыбачье шаардык ооруканасында дарыгер-терапевт болуп иштөөдөн баштаган. 1980-жылдан 1986-жылга чейин ушул эле оорукананын башкы дарыгеринин бейтапкана боюнча орун басары, 1986-жылдан 1992-жылга чейин башкы дарыгер, 2001-жылдан 2010-жылга чейин Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору, 2010-жылдан бери күндүзгү стационардын дарыгери болуп эмгектенүүдө.

Ал көп жылдык эмгеги үчүн 1997-жылы «КР Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. 2004-жылы Балыкчы шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болгон. 2007-жылы «Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу» наамын алып, бир нече жолу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Ж.Билалиев студент кезинде баш кошкон жубайы Асель Кожобекова дагы 40 жылдан бери гинеколог-акушер болуп иштеп, учурда төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери болуп эмгектенет. Алардын 2 кыз, 1 уулу жана 7 небереси бар. Кызы Венера Билалиева дагы ата-энесинин жолун жолдоп, учурда Балыкчы шаардык ооруканасынын үй-бүлөлүк борборунда иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 743
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×