При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Тоңдук Г.Садырова жаңы стилдеги улуттук кийимдерди тигет (фото)

Turmush -  Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын 63 жаштагы тургуну Гүлсүн Садырова улуттук чепкен, чапандарды жаңы стилде тигип жатат. Анын эмгектери менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып келди.

Чебердин айтымында, тигүү цехин долбоор жазып ачкан. Ал жерде өзү менен катар 4-5 айымды иш менен камсыз кылган. Тигилген чапан, чепкендер 1300 сомдон 3 миң сомго чейин бааланат. Аларды райондун борборуна алып барып сатышат. Атайын келип тиктирип кеткендер да болот.

«Кыргыздын илгерки улуттук кийимдерин азыркы заман талабына ылайыктап, саркеч кылып тигебиз. Азыр улуттук кийимдерди баалагандар көбөйдү. Ага оюу салып, улуттук колоритти сактайбыз», - деди ал.

Гүлсүн айым 3 кызды тарбиялап чонойткон. Учурда 5 жээн небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу