При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-май
67.86    76.32    1.2    KZT 0.22

Жети-Өгүздүн Барскоон айылында көк бөрү аянты ачылып, алгачкы мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында көк бөрү ойной турган аянт ачылды. Бул тууралуу айыл аймак башчысы Руслан Эшманбетов билдирди.

Анын айтымында, айылдын жогору жагындагы дөңсөө жер түздөлүп, көк бөрү ойноого ылайыкташтырылды.

«Буга чейин айылдын көк бөрү боюнча командасы талаада машыгып келишсе, бул ирет жаңы аянтта Ак-Терек айылынын көк бөрүчүлөрү менен мелдеш өткөрүлдү. Алдыда бул аянтты кеңейтүү иштери жүргүзүлөт», - дейт Р.Эшманбетов.

Ошондой эле, Барскоон айылынын көк бөрү боюнча командасына демөөрчүлөр форма белек кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 214
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×