При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Айыл турмушу: Тоңдук 10 айым үйүндө бут кийим тигип, АКШга чейин сатышат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Көк-Мойнок айылында жашаган 10 айым кийизден үй бут кийимдерди жасап, Америкага чейин сатышат. Аймактык кабарчы чеберлерден кабар алды.

Кол өнөрчүлөрдүн бири Гүлнура Аламанованын айтымында, алар үй бут кийимдерди үйлөрүнөн жасашат. Алар долбоорлор аркылуу Америкага да сатыкка кетет.

«Айыл жергесинде болгондуктан жүн барыбызда бар. Бут кийим жасоого көп жүн талап кылынбайт. Жүндү суулап, самындап, андан кийин формага келтиребиз. Андан кийин кооздолот. Бир бут кийимди жасоого 3 саатка жакын убакыт кетет. Белекке берүүчүлөр кийимге ар кандай сөздөрдү жаздырат. Кээси тамаша сөздөрдү жаздырса, кээси оймо салдырат», - деди ал.

Гүлнура айым 4 баланын энеси, кесиби медайым. Элет жергесинде иш жок болгондуктан кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 855
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×