Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчылык ардагер Т.Садыков президент белек кылган араба менен Жеңиш майрамына катышты (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында жашаган 93 жаштагы ардагер Турумбек Садыков президент Алмазбек Атамбаев белек кылган араба менен Улуу Жеңиш майрамына катышты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ардагер Т.Садыковго президенттин белегин саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев тапшырган.

Садыков Турумбек Матыевич 1924-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Дөң-Талаа айылында төрөлгөн. 1942-жылы Ата Мекендик согушта мекенди коргоо үчүн Ленинградга барган. Жардыруудан улам аскадагы таштардын арасында калып, бактыга жараша аман калган. Жараат алгандыктан үйүнө келип, 10 күндөн кийин кайрадан Ленинградга барган. Ал жакта 1959-жылга чейин чек арада кызмат кылган. Улуу Жеңишти азыркы Калининградда тоскон. 1945-жылы Грузиянын Грозный шаарына которулуп, ошол жактан кызмат өтөгөн.

«1946-жылы орус кызы Ахместова Зинаида экөөбүз баш кошуп, 2006-жылга чейин 61 жыл чогуу өмүр сүрдүк. Экөөбүз 2 уул, 1 кыздуу болдук. 1959-жылы Кыргызстанга келип, Балыкчы шаарында жашап калдык. Көп жыл бою эт комбинатында иштедик. Уулдарыбыз үйлөнүп, келиндерди орус жана калмак улуттарынан алдык. Улуу балам оорудан улам 1995-жылы каза болуп калган. Учурда 8 небере, 9 чөбөрө жана Эмилья аттуу бир кыбырабыз бар. Жерибизде тынчтык болсо калгандарынын баары болот», - деди ардагер.

Балыкчы шаарындагы экинчи ардагер Алюлдаев Дүйшөнбек дагы белекке алган арабасы менен Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Ардагерге Бишкек шаарынын тургуну Б.Аматов сүйрөмө араба жана азык-түлүк ирээтинде белек берип жиберген.

«Бизге тынчтыкты алып келген аталарыбыздын саны күндөн күнгө азайып бара жатат. Балыкчы шаарында болгону 2 ардагер калыптыр, бир ардагер президенттин белегин алыптыр, экинчи ардагерге биз белек кылдык», - дейт Б.Аматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1248
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×