При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Улуу Жеңишке 72 жыл: Улуу Ата Мекендик согушта А.Жангазиевдин жанындагы советтик 100 жоокердин ичинен 20 аскер калган (фото)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун Тоң районуна караштуу Туура-Суу айылындагы ардагери Акмааталы Жангазиев Сталинград шаарында жарадар болгон. Аймактык кабарчыга ардагердин согуш маалындагы окуяларынан анын баласы Кенжебай Жангазиев айтып берди.

А.Жангазиев

«Атам 1916-жылы Тоң районундагы Туура-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал төрөлгөн жылдары Үркүн болуп, заман оор болгон экен. Атам Туура-Суудагы мектепти окуп бүткөн. Андан кийин 1939-жылы 23 жашында Сталинград шаарына барып, согуш майданында болгон. Согуш учурунда ал татар жоокер менен чогуу бир окопто жатыптыр. Атам бир аз жылып кетери менен танка келип, татар жоокерди экиге бөлүп, тебелеп кеткен экен. "Колу, буту ар кайсы жерде бөлүнүп жатканын көрдүм" деп айтчу. Согуш маалында айлананы карай албай, окопто жатып алып карабай эле ок чыгарышчу экен. Себеби алардын оң-сол, асты-арты жагын танкалар курчоого алыптыр. Ошол курчоодогу салгылаштан советтик 100дөй жоокерден 20сы калганын кийин бизге бир далай жолу айтып берди», - деди ал.

Ардагер 1945-жылы согуштан мекенине кайткан.

«Согуштан келгенде Урмамбетова Каличага үйлөнгөн. Апам 1924-жылы төрөлгөн. Ал дагы согуш учурунда тылда иштеген экен. Атам болсо согуштан кийин мал чарбасында жана почта кызматында эмгектенген», - деди ал.

Акмааталы Жангазиевдин артында 7 эркек, 6 кыз, 42 небереси жана 8 чөбөрөсү калды. Ал 1994-жылы оорудан улам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 295
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×