Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-декабрь
69.75    82.23    1.19    KZT 0.21
Ысык-Көл

Балыкчыда «Өлбөс полк» жөө жүрүшү болуп, ардагерлерге акчалай сыйлык берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Балыкчы шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдык майрамы белгиленди.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, иш-чара согушта курман болгон ардагерлердин эстелигинин жанында өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду. Ошондой эле, асманга эскерүү огу атылды.

Шаар тургундары согушта курман болгон аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп, «Өлбөс полк» жөө жүрүшүн жасашты. Балыкчы шаарынын мэри А.Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы К.Сартбаев согуш ардагерлерин, ооруктун эмгекчилерин куттукташты. Балдар билим борборунун окуучулары көркөм ырларды аткарышып, шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери согуш мезгилине чейинки жана согуш мезгилиндеги жашоону сахналаштырышты.

Балыкчы шаарында бүгүнкү күндө 4 согуш ардагери бар, алардын экөө Ленин блокадасында курчоодо калгандар. Ал эми ооруктун 5 эмгекчиси бар. Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан 9 ардагерге 10 миң сомдон сыйлык, облустук бийлик тарабынан 5 миң сомдон, ооруктун эмгекчилерине 1000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1070
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×