При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

«Мекендештер»: 24 жаштагы А.Муратов Түркиядагы эмерек чыгарган фирмада уста болуп эмгектенет (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын 24 жаштагы тургуну Азим Муратов.

Ал учурда Түркиянын Анталия шаарындагы эмерек чыгарган фирмада уста болуп иштейт. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

«Башында ишке кирүү абдан эле кыйын болду, себеби эркек балдарга иш абдан аз болгондуктан, жумуш табылбай жүрдү. Кийинчерээк эмерек чыгарган фирмага уста болуп кирдим. Фирмада эмеректерге ар кандай форма берем. Мамлекет салыштырмалуу бир топ эле өнүккөн. Өз жарандарын иш менен камсыз кылган. Мен бул жакка келип, иштеп жатканыма 1 жылдын жүзү болуп калды», - деди ал.

Азим Муратов акча топтоп, келечекте Кыргызстанга келип, жеке ишкана ачууну максат кылууда.

«Бул жерге келгенге жараша тааныган адамдар болушу керек. Антпесе, келгенде кыйналып калышат. Бул жактан тааныган адамдар жол көрсөтүп, жумуш таап берүүгө көмөктөшөт. Буюрса мекениме кайтып барсам, балким эмерек чыгарган чакан ишкана ачсам жана бул жактан топтогон тажрыйбам менен бөлүшсөм деген тилегим бар», - дейт мекендешибиз.

Азим Муратов үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 356
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×