При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Өзгөндө үйлөрдү каптоо коркунучун жараткан көлмөнүн суусу азайтылды (фото)

Turmush -  Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагында элге кооптуулук жараткан көлмөнүн суусу азайтылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, айыл аймактын Тогорок-Кол аймагында булактан түшкөн суу топтолуп, көлчө пайда болгон. Жаан-чачындын көп жаагандыгына байланыштуу көлчөдөгү суунун көлөмү көбөйүп алыс эмес жайгашкан 40 турак үйгө коркунуч келтирген.

Кечээ, 7-май күнү көлдүн жээги экскаватор менен казылып, суунун деңгээли азайтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1979
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×