При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Улуу Жеңишке 72 жыл: Апыш ата согушта чагылган тийсе да аман калган (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын 98 жаштагы тургуну Макеев Апыш ата согушта чагылган тийгенде да аман калган. Аймактык кабарчы ардагерден кабар алды.

Анын айтымында, кан майданга 17 жашында кеткен.

« 1941-жылы 370 жоокер жүк ташуучу унаага түшүп согушка кеттик. Андагы биздин бир үмүтүбүз жеңиш менен кайтуу эле. Мен Сталинград салгылашында болдум. Эсимде 1944-жылдын ноябрь айы эле. Жоокерлер биздин ротага келген «Катюшаны» атууга умтулдук. Мен окоптон чыгып, жоокерлер менен бирге «Катюшаны» атууга даярдык көрүп, «Ураа! Жеңиш» деп кыйкырып жаткан маалда мага чагылган тийип, бутумдун томугу жана далымдан жаракат алдым. Жоокер курбуларым окопко тартып түшүрүп, мени аман алып калышты. Женишти Москва шаарынан тоссом деген үмүтүм ишке ашпай мекениме 1944-жылдын аягында келдим. Эх согуш... балам көзүңөр андай жамандыкты көрбөсүн. Ошондо СССРде «Катюша» болбогондо бизди душман оңой женип кетмек», - деди Апыш ата.

Аксакал ар бир Жеңиш майрамын көзүнө жаш алуу менен тосот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 937
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×