При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Улуу Жеңишке 72 жыл: Балыкчыда согуш ардагеринин жесирине жардам көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 лицей-мектептин жамааты согуш ардагеринин жесири, 88 жаштагы Осмонова Асылкан апага акчалай жана азык-түлүк жардам көргөзүштү.

Асылкан Осмонованын жолдошу Асыранкулов Эшенгазы Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында 1924-жылы төрөлгөн. 1941-жылы Сталинградда согуш майданында болгон. Оң колунан жарадар болуп, Львов шаарындагы ооруканада дарыланган. Согуш бүткөндөн кийин 1949-жылга чейин Украинада кызмат өтөгөн. 1950-жылы мекенине кайтып келип, Балыкчы шаарында жашап калган.

Э.Асыранкулов 1951-жылы Асылкан Осмоновага баш кошуп, 10 балалуу болушкан. Ал Балыкчы шаарында милицияда, андан кийин өрт өчүрүү кызматында өмүр бою иштеп, пенсияга чыккан. 1992-жылы 68 жашында каза болгон. Учурда Асылкан апа 25 небере, 5 чөбөрөнүн энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×