При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Тоңдук дыйкандар киноа өсүмдүгүнүн килограммын 1800-2000 сомдон сатышты

Turmush -  Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында «Азамат» дыйкан чарбасынын фермерлери бир жылдан бери киноа айыл чарба өсүмдүгүн өстүрүп келишет.

Фермерлердин айтымында, тарууга окшогон, бирок андан дандуураак келген маданий өсүмдүк адамдын организмине пайдалуу азыктарга өтө бай. Ошондуктан европалыктар нан бышырууда, кулинардык даамдарды даярдоодо кеӊири колдонушат. Киноанын даны гана эмес сабактары, жалбырактары дагы малга тоют катары пайдаланылат.

«Өткөн жылда бул дан өсүмдүгүн 90 сотых жерге өстүрүп, мыкты түшүм алганбыз. Быйылкы жазда киноанын аянтын 3-4 гектарга жеткирүүнү максат кылып жатабыз», - дешет «Азамат» дыйкан чарбасынын мүчөлөрү.

Ушул жазда россиялык ишкерлер дыйкан чарбага атайын келип, киноанын ар бир килограммын 1800-2000 сомдон сатып алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 457
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×