Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө окуучулардын республикалык спартакиадасы башталды

Turmush -  Ысык-Көлдө биринчи жолу окуучулардын республикалык спартакиадасы өтүп жатат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Саматбек Деркембаевдин айтымында, спартакиада 7-майга чейин уланат. Өлкөнүн аймактарынан келген спортчу балдар грек-рим, эркин күрөш, самбо, ордо, стол тенниси, шахмат боюнча мелдешет. Ал эми, спартакиаданын расмий ачылышы бүгүн, 4-майда саат 20:00дө борбордук стадиондо башталат.

«Ага сахналар жасалып, жарык берүчү жабдыктар орнотулду. Салюттар атылат. Спартакиаданын ачылышы эн жакшы маанайда болот. Ага бардык шаардыктарды чакырабыз», - деди Кыдыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 813
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×