При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

«Мекендештер»: 24 жаштагы А.Токонов Москвада 6 миллион рублдук экскаватор айдайт (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын 24 жаштагы тургуну Адисбек Токонов.

Учурда ал Россиядагы курулуш компаниялардын биринде механик-экскаваторщик болуп эмгектенет.

«Москва шаарындагы курулуш компанияда механик-экскаваторщик болуп эмгектенем. Иштегениме бир жылдан ашып калды. Албетте, бардык жумуштун башталышы оор болот эмеспи. Жаӊы келгенде кыйынчылыктар болду. Бул жердин жашоо-шартына көнүп, отурукташып алгандан кийин ал кыйынчылыктарды жеӊип кеттик. Мен айдаган экскаватордун баасы 6 миллион рубль турат. Бузулуп калса өзүм оӊдойм. Ай сайын 55 миң рубль эмгек акы алам. Жумуш учурунда кызыктуу окуялар көп болот. Орус, армян улутундагыларга кыргыз тилинде сүйлөгөндү үйрөтсөм, алар мага өз тилдерин үйрөтүшөт. Москва абдан чоӊ жана өнүккөн шаар. Жергиликтүү элдердин мамилеси жакшы. Кыргызстанга буюрса бир жылдан кийин барам. Келечекте айылыма техникалык сервис  ачам деген максаттарым бар», - деди мекендешибиз.

Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын кичүүсү.

«Ата-энем айылда. Өзүм 6 бир туугандын кичүүсүмүн. Алардын бешөө эркек балдар болсо, бирөө кыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 599
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×