Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Ак-Сууда мал кырылган кыштоого чөп жүктөп бараткан унаа тоодон кулап, айдоочусу каза болду

Turmush -  Кечээ, 3-майда Ак-Суу районунун Боз-Кыя тилкесиндеги Куюлма аймагынан кыштоодогу малга чөп жеткирип бара жаткан жүк ташуучу унаа тоодон кулап, айдоочусу каза болду. Анын жанындагы адам оор жаракат менен ооруканага жеткирилди, деп билдирди ӨКМ.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, мындан эки күн мурда Кайыңдыга бир метрден ашык кар жаап, тоюттун жетишсиздигинен 29 баш кой, 2 баш уй өлгөн. Алдын ала алган маалыматтар боюнча, тоодон кар көчкү да түшүп, 5 баш жылкыны басып калган. Андан улам 3 унаа тоют чөп жүктөп, жолго чыккан. Алдыдагы эки унаа Боз-Кыядан өтүп, үчүнчү ГАЗ-66 үлгүсүндөгү унаа тоодон кулап кеткен. Аны Боз-Учук айылынын 1967-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Айдоочу алган жаракатынан улам ошол жерде каза болду.

Унаа кулаган жерде дайыма кум-шагыл куюлуп тургандыктан, ал жерди Куюлма деп аташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1104
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×