При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-июль
68.85    80.21    1.17    KZT 0.21

Жаш талант: Тоңдук Зарина жип менен сүрөт тартат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 18 жаштагы тургуну Зарина Бактыбек кызы жип менен сүрөт тартуу менен алектенет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда элеттеги А.Пушкин атындагы орто мектепте 11-класста билим алат. Алгач кагазга карандаш менен сүрөт тартып, кийин аны ийне жипке алмаштырган. Ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет. Келечекте дизайнер болууну пландап жатат.

«Бул ыкма англис технологиясы катары изонит деген ат менен белгилүү. Анда геометриялык сызыктар чийилет. Мен ал ыкманы кыргыздаштырып, кыргыздын этно сүрөттөрүн тартып келем. Атам Бактыбек Асаналиев да сүрөтчү. Алгач анын эмгектерин көрүп, ал сыяктуу тарткым келчү. Учурда эжейим Зейнеп Байгуттуева үйрөтүп, жиптин түрүн демөөрчүлөр аркылуу сатып берет», - деди ал.

Зарина үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 420
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×