Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көл районунда «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьевка айылындагы А.Пушкин атындагы орто мектебинде «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» аттуу мелдеш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, райондогу мектептер арасындагы мелдеш окуучулардын жолдо жүрүү эрежелерине болгон жоопкерчилигин өстүрүү жана алардын коопсуздугунун алдын алуу максатында жыл сайын өтүп турат. Ал райондук ички иштер бөлүмү, билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулат. Ал эми, мелдеште жеңүүчү деп табылган командага сыйлыктар тапшырылат жана облустук турга жиберилет.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 754
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×