Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Улуу Жеӊишке 72 жыл: К.Жаманкулов Улуу Жеңиш күнүн Берлин шаарында тоскон (фото)

Turmush -  Балыкчылык ардагер Карыбай Жаманкулов Жеңишти Берлин шаарында тоскон.

Анын небереси Эламан Элчибек уулунун айтуусунда, Карыбай ата 1926-жылы Балыкчы районундагы (азыркы Балыкчы шаары) Туура-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. Бир жашка келгенде атасы Үсөнаалыны ак падышанын аскерлери 1927-жылы Нарын дарыясынын жээгинен мылтык менен атып өлтүрүшкөн.

«Чоӊ атабыздын сөөгү Нарын дарыясынын жээгинен табылбай калды. Аны өлтүрүп кеткенден кийин, бир жаштагы Карыбай атамды энеси бооруна көтөрүп, төркүнүнө сапар алат. Атасы Үсөнаалынын тууган-уругу Туура-Суу айылында калып, Карыбай атам алар менен катташпай, тааныбай өсөт. Себеби, энеси төркүнүнө баргандан кийин Жаманкул аттуу кишиге турмушка чыгып кеткен экен. Чоң атам Советтик куралдуу күчтөрүнүн катарына 1945-жылы чакырылып, Алмата шаарында атайын согуштук курстан өтүп жүргөндө Анварбек Шамшидинов менен таанышат. Экөөнүн аталары бир тууган болуп чыккан. Ал кездеги адамдар уруусун, жети атасын сүрүштүрүп, кимдин ким экенин билип алышчу экен. Ошентип, көп жылдан бери урук-тууганын тааныбай келген Карыбай атам өзүнүн бир тууганын таап, аябай сүйүнөт. “Кубангандан ыйлап да жибергем” деп көп айтып калчу», - деди ал.

Карыбай ата Литвия, Эстония Республикаларынын чек араларында согуш майданына аттанып, Берлин операциясына катышат. Ал Улуу Жеңиш күнүн Берлин шаарында тосот.

«1950-жылдары советтик чек араны коргоого катышат. Кийин аскерден келип, Тоң районундагы Ленин атындагы жана Жети-Өгүз районундагы “Жеңиш” колхоздорунда айдоочусу болуп, кийин 1966-жылы ардактуу эс алууга чыгат. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери бир топ медалдар менен сыйланган», - деди ал.

Карыбай Жаманкуловдун 6 кыз, 3 уулу, 41 небереси, 78 чөбөрө жана 2 кыбырасы бар.

Ардагер 2006-жылы оорудан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу