При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Тоңдук 3 абысын чогуу кийим токуп, бизнес кылышууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Темир-Канат айылында жашаган абысындар Фарида Тыналиева, Элиза Жакыпова, Асел Насыракунова чогуу бизнес кылып жатышат. Аймактык кабарчы ишкер айымдардан кабар алды.

Алардын айтымында, шонго уруусунун келиндери болуп, абысын болушат. Ар биринин 3-4төн балдары бар. Бош убактыларында чогулуп, балдардын кийимдерин, башмак, күрмө сыяктуу кийимдерди түйүп сатышат.

«Абысындар чогуу иштеген жакшы. Бир чети иш кылсаң, бир чети сүйлөшүп отуруп чер жазылып калат», - деди Фарида Тыналиева.

Абысындар түймөгө керектүү жиптерди Бишкек жана Балыкчы шаарларынан алдырышат. Кардар кайсы түстү кааласа ошол өңдөгү жип менен кийим түйүп беришет. Эмгектерин ар кандай көргөзмөлөргө да бирге алып чыгышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 857
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×