Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө 2 турак үй буюмдар менен кошо өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 8 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди ӨКМ.

Маалымтка караганда, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу Ысык-Көл облусундагы өрт кырсыктарына себеп болгон. Андан адамдар жабыркаган жок.

Балыкчы шаарындагы Кызыл-Ордо көчөсүнүн №58 дарегиндеги үйдө өрт чыгып, эшик-терезелер, эмеректер жана буюмдар күйгөн.

Ушундай эле себеп менен Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылындагы турак үйдүн 70 чарчы метр бөлмөсү ичиндеги буюмдар менен кошо күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×