При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк пенсионер Раппопорт аллеясында кыйылган бактарга экинчи өмүр тартуулады (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 71 жаштагы тургуну Михаил Зоотов Раппопорт аллеясында кыйылган карагайлардан түрдүү буюмдарды жасоодо. Turmush басылмасынын кабарчысы пенсионердин эмгектери менен таанышып келди.

Михаил Зоотов Раппопорт аллеясына жакын жашайт. Былтыр ал жактагы бактар кыйылып жатканда аларды арзан баада сатып алган. Эми көп жылдык тарыхы бар аллеяны унутпай, эстеп жүрүү үчүн бактардан түркүн жыгач буюмдарды жасап жатат.

«Мен 35 жыл экономист болуп иштегем, бала кезимде атам жыгачтан ар кандай нерселерди жасоону үйрөткөн эле. Эми ардактуу эс алууда отуруп, бул иш менен кайрадан алектенүүнү чечтим. Раппопорттогу бактарга экинчи өмүр бергим келди», - дейт пенсионер.

Ал жасалган түрдүү буюмдарын Бостери айылында дем алыш күндөрү иштөөчү «Жармаңке» базарына сатыкка алып чыгат.

Буга чейин маалымдалгандай, Раппопорт аллеясындагы бактарды кыюу маселеси Тамчы—Корумду унаа жолун кеңейтүү жана куруунун алкагында каралган. Аллеядагы бактардын кыйылышы боюнча маалымат жарыялангандан кийин окурмандар жана социалдык түйүндүн колдонуучулары бул демилгеге каршы чыгышкан.

Өкмөт Раппопорт аллеясын сактап калуу максатында Тамчы—Корумду унаа жолун кеңейтүүнүн башка жолдорун карап баштаган. Кийин Тамчы—Корумду унаа жолун кайра калыбына келтирүүнүн алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Раппопорт аллеясынан 900 түп бак-дарак кыйылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 508
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×