Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 29.04.2017 12:37 На русском

Түптө «Жыл мугалими-2017» сынагынын жеңүүчүлөрү тандалды (фоторепортаж)

Turmush -  Түп районунда «Жыл мугалими-2017» кароо-сынагы өтүп, 14 мугалим күч сынашты. Аймактык кабарчы билдиргендей, финалдагы катышуучулар өзүн тааныштыруу, дидактикалык жомок, мастер-класс жана өнөрүн көрсөтүү тапшырмаларын аткарышты. Сынактын жыйынтыгы кыргыз жана орус тилинде окутуу жүргүзгөн мектептер арасында эки башка чыгарылды. 

Сынактын жүрүшүнө калыстар тобу көзөмөл жүргүзүп, жайынтыгында орус тилдүү мектептер арасында баш байгени Ш.Султанов атындагы орто мектептин башталгыч класстардын мугалими Дубанаева Мунара Медетовна ээледи. Баш байгенин ээси 10 күндүк эс алууга жолдомо алып, бул сынактын облустук турунда райондун намысын коргомой болду.

Ошондой эле, 1-2-3-орундарды Ж.Мукамбаев орто мектебинин англис тили мугалими Мээрим Боромбаева, Ж.Асаналиева орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Гүлайым Кыдыралиева, З.Мамбетсеитова орто мектебинин чет тили мугалими Алиман Мусаева ээлеп, баалуу белектер менен сыйланды.

Ал эми, окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден баш байгени Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектептин география сабагынын мугалими Байтиков Эдил Бектурсунович утуп алды. Ал сынакка катышкан жалгыз агай болду. Жеңүүчү 10 күндүк эс алууга жолдомо алып, сынактын облустук туруна катышат. Кыргыз тилдүү мектептер арасында 1-2-3-орундар А.Кайдуев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Алия Качагановага, А.Сопиев орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Миргүл Байгашкаевага жана К.Эгембердиев орто мектебинин география мугалими Жазгүл Шаршеевага берилди. Аларга да баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×