Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Ата шаарында 378 даана суу эсептегич орнотулат

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында 378 суу эсептегичтер орнотулууда. Бул тууралуу Суу түтүк ишканасынын жетекчиси Махмуд Турдакунов билдирди.

Анын айтымында, Совет жана Акималиев көчөлөрүнө 63 суу эсептегич, Бижай кичи районуна 130 суу эсептегич, Семетей кичи районуна 150, шаардык скважиналарга 13, резервуарларга 22 суу эсептегичтер коюлууда.

«Суу эсептегичтер сууну үнөмдүү колдонуу максатында коюлууда. Сууну орто эсеп менен 100 метрден ашык тереңдиктен сордуруп чыгабыз. Шаарда арык жок болгондуктан тургундар таза сууну сугатка колдонот. Суу эсептегичтер менен тургундар колдонгон сууга гана акы төлөп, аларга да үнөмдүү болот», - деди ал.

Эсептегичтер «Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү» долбоору аркылуу алынган. Суу ишканасы 12 миң абонентти тейлейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 362
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×