Turmush - Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы №82 кесиптик лицейде ачык эшик күнү өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Мугалимдердин айтымында, иш-чарага мектептердин жогорку класстардагы окуучулары, ата-энелер жана окуу жай тууралуу маалымат алууну каалагандар катышты. Аларга билим алып жаткан студенттер өз кесиптери боюнча чеберчиликтерин көргөзүп беришти.
Лицейде 7 кесип боюнча 10 айлык жана 3 жылдык окуулар жүргүзүлөт. Жыл сайын окуу жайдан билим алгандардын саны өсүүдө.