При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Ысык-көлдүк аксакал Тору-Айгыр айыл аймагынын экс-башчысы 1,7 гектар жерин тартып алганын айтууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылынын 62 жаштагы тургуну Ишенбек Талипов жерин тартып алган айыл аймактын мурунку башчысына нааразы.

И.Талиповдун айтымында, ал үй-бөлөсү менен 1995-жылы 1 гектар 73 сотых жер алган. Ал жерди 2001-жылга чейин пайдаланып, андан кийин жерди эс алдыруу үчүн иштетпей таштап койгон. Тору-Айгыр айыл аймагынын ошол учурдагы башчысы М.М. жерди өз туугандарына берип салган. Учурда анын жерин А.Мамбетов аттуу жаран пайдаланууда.

И.Талипов Ысык-Көл районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү башкаруу бөлүмүнө дагы нааразы болуп келет.

«Бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысына 3 ирет кайрылдым, бирок майнап чыккан жок. Эми өлкө башчысына кайрылууга аргасызмын», - дейт аксакал.

Ал эми, М.Мамбетов ал жерди мыйзамдуу алгандыгын белгиледи.

«Мен бул жерди мыйзам чегинде алгам. Ишенбек жерин пайдаланбай калгандан улам ал бизге өткөн», - деди ал.

Тору-Айгыр айыл аймагынын жер адиси Ж.Ормонова бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1485
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×