Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Ысык-Көл

Ак-Суунун Жыргалаң айылында куткарылган эки шахтерго арналып түлөө өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында шахтада суу каптоодо калып, аман куткарылган Кайрат Дөргөев менен Азамат Тойматовго арналган түлөө өткөрүлүүдө, деп билдирди Тurmush басылмасынын кабарчысы.

Түлөөгө Жыргалаң айылынын тургундары катышып, шахтерлорго жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Бул күнү Кайрат Дөргөевдин чоң энеси Какен Кененсарова айылдаштарына ыраазычылык билдирип, бир муштумга түйүлгөн ынтымак ар дайым болушун тиледи. Ал эми, айылдын 93 жаштагы тургуну Ж.Шабдеков аман куткарылган 2 жигитке батасын берди.

Белгилей кетсек, эки шахтерду куткарууда Жыргалаң айылынын жана коңшу айылдын тургундары жардам көрсөтүп, куткаруу иштерине катышкан адамдарды тамак-аш менен камсыз кылышкан.

Буга чейин маалымдалгандай, 22-апрелде саат 17:35 тер чамасында «Жыргалаң - Дөргө көмүр» ЖЧК иштеткен көмүр шахтада уроо болгон. Шахтанын ичинде 2 адам калган. Кырсык болжол менен техникалык коопсуздукту сактабагандан улам келип чыккан. Издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында көмүр шахтада калган эки шахтер тирүү табылган.

Издөө куткаруу иштерине катышкан жергиликтүү тургун Мирлан Калканбаев Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, алар насостордун жардамы менен сууну сордурушкан.

«Издөө иштери учурунда биз фонариктерди көрдүк. Алгач биздикилер го деп ойлодук. Жакындап калганда эки шахтерду көрдүк. Биз кыйкырсак, алар жооп беришти. Алар бир участоктон өтө албай жатышыптыр. Биз тактайчаларды орнотуп, аларды алып чыктык», - деп билдирген жергиликтүү тургун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1199
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу