При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 30-май
67.95    76.27    1.2    KZT 0.22

Чолпон-Атада спорттук мелдештер жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө унаалар тапшырылды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы №54 асыл тукум жылкы чарбасынын 90 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдештер жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Алсак, кыргыз күрөш боюнча финалдык беттеш Чолпон-Ата шаарындагы атмайданда өткөрүлүп, баш байгеге «Форд Фокус» унаасы коюлду. Ага жалпысынан республиканын аймактарынан келген 150дөн ашык балбан катышты.

Финалда Тилек Куралов жана Чынгыз Чалабаев беттешип, Т.Куралов 2:1 эсеби менен атаандашын жеңип алды. 3-орунду Уларбек Күрүчбеков алды. Ошондой эле, 75 кг салмакка чейинки мелдеште Зиямидин Сатыбеков жеңүүчү аталды. Экинчи орунга Майрамбек Сулайманов жана үчүнчү орунга Маданбек Шаршеналы уулу ээ болду.

Ал эми, эр эңиш боюнча финалдык мелдеште Таластан келген Маратбек Алтымышев жана Күмүшбек Кыдыралиев беттешти. Жыйынтыгында М.Алтымышев жеңүүчү аталып, «Ауди А8» унаасын утуп алды. Ошондой эле, К.Кыдыралиев 35 миң сом сыйлык менен сыйланып, 3-орунду ээлеген Бишкектин тургуну Н.Мамбеталиев 25 миң сом алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1057
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×