Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Атадагы эр эңиш мелдешинде таластык М.Алтымышев унаа утуп алды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында №54 асыл тукум жылкы чарбасынын 90 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдештер 13-апрелде башталган.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-апрелде Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда эр эңиш боюнча финалдык беттеш өткөрүлдү.

Мелдештин баш байгесине коюлган «Ауди А8» унаасы үчүн республиканын аймактарынан келген 14 катышуучу күч сынашты. Финалда Таластан келген Маратбек Алтымышев жана Күмүшбек Кыдыралиев беттешти. Жыйынтыгында М.Алтымышев жеңүүчү аталып, унааны утуп алды.

Ошондой эле, Күмүшбек Кыдыралиев 35 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланып, 3-орунду ээлеген Бишкектин тургуну Нуркан Мамбеталиев 25 миң сом алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 574
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×