Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусу 17.03.2017 11:14

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп У.Жылкыбаев дайындалды

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул маалыматты бүгүн, 17-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

У.Жылкыбаев

11

У.Жылкыбаев парламентке КСДП партиясынан шайланган. Партиянын тизмесинде андан кийинки катарда Икрамжан Илмиянов турат.

Өкмөт башчынын башка буйругу менен Асхат Акибаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү кызматынан бошотулду. Ал аталган кызматка 2016-жылдын февраль айында дайындалган.

А.Акибаев

АА

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×